Биз менен байланышыңыз

Навальныйга Женева форумунун эрдик сыйлыгы ыйгарылды

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Июн 2021 | 380 | 0

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйга Женева форумунун адам укуктары боюнча сыйлыгы ыйгарылды.

Навальный абакта болгондуктан сыйлыкты анын ордуна кызы Дарья Навальная алган. Ал бул сыйлыкты Орусия жана Беларуста саясий куугунтуктун айынан камакта отурган адамдарга арнаган.

Пандемияга байланыштуу саммит онлайн түрдө өттү.

Алексей Навальный 2020-жылдын 20-августунда Орусиянын Томск шаарынан Москва шаарына учар алдында эс-учун жоготуп, ооруканага түшкөн. 22-августта атайын учак менен Германиянын Берлин шаарына жеткирилген. Дарыгерлер аны тыюу салынган химиялык зат менен ууландырышканын маалымдаган.

45 жаштагы Навальный быйыл январь айында Германиядан Орусияга кайтып келгенден кийин кармалган.

Учурда оппозициячыл саясатчы Москва шаарынан 100 километр алыстыктагы Покровка түзөтүү абагында кармалууда. Москва облустук соту аны 3,5 жылга кескен. Навальный менен анын тарапташтары соттун өкүмү саясий өңүттө чыгарылганын айтып келишет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM