Биз менен байланышыңыз

Саркулов: «Коопсуз шаар» Бишкектин көчөлөрүнүн 3,5%ын гана көзөмөлдөйт

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Июн 2021 | 581 | 0

Бишкекте «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында 42 жерде гана камералар коюлган. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Учурда «Коопсуз  шаар» долбоорунун биринчи этабы гана ишке ашырылган. Анын алкагында Бишкекке 42 камера коюлган: 38 камера жолдун кесилиштерине, 4 камера көпүрөлөрдүн түбүнө.

Ал эми Чүй облусунда 48 жерге камера коюлган.

«Азыркы учурда камералар аркылуу Бишкектин жолдорунун 3,5%дан ашпаганын, Чүй облусунун жолдорунун 1,5%дан ашпаганын гана көзөмөлдөй алабыз. Азыр 2-этап жүйөлүү себептер менен убагында аткарылбай жатат. Бирок ушул жылдын акырына чейин толук кандуу ишке ашырабыз деген үмүт бар. 2-этаптын алкагында Кыргызстан боюнча чоң шаарларга жана эл аралык маанидеги жолдорго камера коюлат», — дейт Саркулов.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM