Биз менен байланышыңыз

«Жол кырсыгына таасир тийгизбеген бузуулардын гана айып пулу азаят»

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Июн 2021 | 649 | 0

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда жол кырсыгына өтө чоң таасирин тийгизбеген, майда бузуулар боюнча гана жеңилдетүүлөр каралып жатат. Бул туурасында Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Майда бузуулардын катарында төмөнкүлөр бар: ылдамдыкты 10 километрден жогору, бирок 20 километрге жетпегендей ашыруу, жол чийиндеринин талаптарын, жол белгилеринин талаптарын аткарбоо, карама-каршы тилкеге чыгуу менен байланышпаган маневр жасоо, токтой турган жерде белгиленген чийинди тебелеп кетүү.

Ал эми карама-каршы тилкеге чыгуу, ылдамдыкты саатына 20 километрден ашыра айдоо, жол чырактын кызыл белгиси күйүп турганына карабай өтүп кетүү сыяктанган жол эрежесин бузуулар боюнча жеңилдетүү каралган жок.

«1-категориядагы бузууларга айып пулдун өлчөмү — 1 000 сом. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун негизинде ошол транспорт каражатынын ээси айып пулдун кагазын алгандан баштап, 15 күндүн ичинде төлөй турган болсо, 1 000 сомдун ордуна 300 сом төлөп калат. Башкача айтканда, 70%дык жеңилдетүү болот», — дейт ал.

Айып пулдарды азайтуу боюнча мыйзам күчүнө киргенден баштап, буга чейинки  чыгарылган токтомдорго да күчү болот. Бул албетте, бюджетке терс таасирин тийгизет. Азыркы күндө төлөнө элек айыптар ушул жеңилдетүүлөр менен төлөнсө, казынага 300 миллиондон ашык сом түшпөй калат. Бирок өкмөттө айып пулду бюджетти толуктоочу булак катары кароо максаты жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM