Биз менен байланышыңыз

«Биздин фермерлер каражаттан, агротехникадан кыйналат»

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Июн 2021 | 560 | 0

Кыргызстандын 6,5 млн элин тамак-аш менен толук кандуу камсыз кылууга бизде мүмкүнчүлүк жетиштүү. Мындай пикирин экономика илимдеринин доктору, профессор Жумабек Жаилов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бул үчүн өлкөдө жаратылыш фактору, жумушчу күч бар. Болгону фермерлер агротехникадан, каражаттан кыйналат.

«Каражаты болгондо жаңы агротехникаларды колдонмок. Кургакчылык болуп калса, мөмө-жемиштерди сугаруу үчүн артезиан суусун каза коюп, тамчылатып сугарууга өтүп кетмек. Азыр болсо, фермер каражаттын жоктугунан арыкты колдонот. Арыкта суу жок болсо, эмне кылат? Бардыгы бар, акча тартыш. Айыл чарбасына 26-28 млрд сом кредит беребиз. Ал фермерлердин керектөөсүнүн ашып кетсе 10-15%ын басат. Биз ошон үчүн өндүрүш көбөйбөй, бир орунда турабыз», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM