Биз менен байланышыңыз

«Азык-түлүк коопсуздугу — пандемияга чейин эле курчуган көйгөй»

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Июн 2021 | 850 | 0

Азык-түлүк коопсуздугу — дүйнөлүк масштабда пандемияга чейин эле курчуган маселелердин бири. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору, профессор Жумабек Жаилов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, азык-түлүк коопсуздугунун глобалдык проблемага айлануусу 3 факторго байланыштуу: биринчиден, эң өнүккөн мамлекеттерде азык-түлүк өндүрүү акыркы жылдары алдыга кетпей, туруктуу кармалып калышы; экинчиден, демографиялык жактан жогорку деңгээлде өнүгүп аткан, бирок экономикасы начар мамлекеттерде тамак-ашка болгон суроо-талаптын көптүгү, бирок сунуштун аздыгы; үчүнчү фактор, жалпы дүйнөдө элдин кирешеси көбөйүп, тамак-ашка суроо-талабы көбөйүүсү.

Ушул 3 фактор азык-түлүк коопсуздугу көйгөйүнүн курчушуна алып келип жатат.

«Бизде азык-түлүк коопсуздугу боюнча абал Өзбекстан менен Тажикстанга караганда жакшы. Өзгөчө эт, сүт жагынан. Бирок Орусия менен Казакстандан артта», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM