Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жапаровдун башка жарлыгына ылайык, Доскул Бекмурзаев Энергетика жана өнөр жай министри болуп дайындалды.
Бекмурзаев буга чейин министрдин орун басары болчу.