Биз менен байланышыңыз

Экс-губернатор чек араны эң тез аныктоонун жолун атады

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Июн 2021 | 1376 | 0

Кыргызстанда чек ара боюнча узак мөөнөттүү стратегиялык саясат жок болуп жатат. Мындай пикирин Баткен облусунун мурунку губернатору Султанбай Айжигитов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, чек араларды тез аныктоо ыкмасынын бири болгон жер алмашуу ыкмасы эки жактын элинин нааразычылыгы менен аяктады. Анын баары согушка жеткирди. Эми чек араны тез аныктоонун дагы бир жолу бар. Ал чек араларды СССР жоюлуп жатканда кабыл алынган келишимдерде көрсөтүлгөн боюнча аныктоо.

«1991-1992-жылы, СССР урап жатканда түзүлгөн келишим — юридикалык процесстен толук кандуу өткөн документ. Ага СССРдин курамындагы мамлекеттердин президенттеринин баары кол койгон, документ ратификацияланган. Ал келишимде: «СССР ураган учурдагы административдик чек аралар мамлекеттик чек аралар деп эсептелинет», —  деп так айтылган. Ошону жетекчиликке алыш керек», — дейт Айжигитов.

Ал өзбектер менен тажиктердин чек араны бул келишим боюнча кароого макул болбой жатканын себеби катары алар Кыргызстандын көп жерлерин сойломо жолу менен ээлеп алышканын атады.

«Эгер чек араны ошол документ менен тактай турган болсок, алар кайра артка кетиши керек болот. Ошон үчүн алар азыр кандай болсо, ошондой калтыралы деп жатышат. Андай калтырганда, алар биздин коргондор тургай, жашап аткан үйлөргө чейин ээлеп алган болуп атпайбы!» — дейт ал.

Султанбай Айжигитовдун белгилөөсүндө, СССР ураган учурдагы келишим менен иш алып баруу тарыхый жакта алганда да адилеттүү болмок.

«Биз байыркы элбиз дегенибиз менен, бүгүнкү  заманбап мамлекет деген түшүнүк боюнча СССРдин составында пайда болгон элбиз. Эгемендүү мамлекет болуп, СССРдин курамынан чыктык. СССРдин составында эгемендүү мамлекет болуп, уюшулдук. Ошонун ичинде чек аралар түзүлдү. «Точка отчета» катары ошол СССР бузулган моменттеги чек араны алышыбыз керек.  Андан ары тарыхка кете турган болсок, туңгуюкка такалабыз», — дейт экс-губернатор.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM