Биз менен байланышыңыз

10-июлдан тарта ЕАЭБ менен Сербия эркин соода жүргүзүүгө өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Июн 2021 | 848 | 0

10-июлдан тарта ЕАЭБ менен Сербия эркин соода жүргүзүүгө өтөт. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттиги жазды.

Евразия Экономикалык Комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев билдиргендей, Сербия менен эркин соода аймагын түзүү үчүн бардык процедуралар аяктаган.

Сербия менен эркин соода жүргүзүү тууралуу келишимге 2019-жылы кол коюлган.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, Иран менен да толук түрдө эркин соода жүргүзүүгө өтүү боюнча сүйлөшүү пландалууда. Азырынча соода убактылуу макулдашуу боюнча жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, ЕАЭБге Кыргызстан, Армения, Казакстан, Орусия, Беларусь мүчөлүк кылат. Ошондой эле Өзбекстан, Куба жана Молдова уюмга байкоочу болууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM