Биз менен байланышыңыз

ЖККУга мүчө мамлекеттер Арменияда атайын машыгууларды өткөрөт

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Июн 2021 | 706 | 0

Быйыл Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө мамлекеттер Арменияда «Гром-2021» аталышындагы атайын машыгууларды өткөрөт. Бул тууралуу уюмдун басма сөз катчысы Владимир Зайнетдинов билдирди.

1-3-июнь күндөрү Арменияда машыгууларды өткөрүү боюнча штабдык сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

Ал белгилегендей, машыгуулардын жүрүшүндө брондолгон техника, атайын автоунаалар, авиация, учкучсуз учуучу аппараттар колдонулат.

Негизинен ЖККУнун «Гром» аталышындагы машыгуулары баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүгө багытталган.

Эскерте кетсек, ЖККУ уюмуна Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет. Быйыл бул уюмга Тажикстан төрагалык кылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM