Биз менен байланышыңыз

Орхан Инандынын жоголушу Коопсуздук Кеңешинде да каралды

Кыска кабар | 3 Июн 2021 | 526 | 0

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 3-июнда Орхан Инандынын уурдалышына байланыштуу укук коргоо органдары менен биргеликте жыйын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешмеде ИИМ менен УКМКнын өкүлдөрү Орхан Инандыны издөө иштеринин жүрүшүнөн маалымат беришти.

Кеңешмеде Иманкулов Орхан Инандынын кайсы жерде экенин тезинен аныктоо боюнча мекемелер аралык координацияны, өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө чараларын көрүү зарылдыгын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM