Биз менен байланышыңыз

«Баткенге жардам» кайрымдуулук штабынын ыктыярчылары сыйланды

Кыска кабар | 3 Июн 2021 | 499 | 0

Бүгүн, 3-июнда «Баткенге жардам» кайрымдуулук штабында иштеген ыктыярчыларга жана уюмдарга сыйлык тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Ыраазычылык каттарын агенттиктин директорунун орун басары Союзбек Надырбеков тапшырган.

«Бул залда отурган ар бир инсан өзүнүн жогорку социалдык жоопкерчилигин көрсөтүп, өлкө кыйын учурга туш келген кезде кайдыгер карабай, жардамга келген. Штабдын милдеттерди так аткарып, бирдиктүү максат менен иш алып барганы үчүн Баткен облусунун тургундарына жардам өз учурунда чогултулуп, жеткирилип турду. Биз бир гана дары-дармек, өздүк гигиена каражаттары же азык-түлүк жибербестен, Мекенге болгон сүйүүбүздү, боорукерликти жана тилектештикти билдирип жаттык», – деген Надырбеков.

Ошондой эле штабдын ишинде координаторлук кылган агенттиктин кызматкерлерине да «Ыраазычылык кат» берилди.

Белгилей кетсек, «Баткенге жардам» кайрымдуулук штабы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда Министрлер кабинети тарабынан түзүлгөн. Штабдын ишинин алкагында Баткен облусуна 150 тонна гуманитардык жардам жеткирилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM