Биз менен байланышыңыз

«Дос эмес» өлкө: Орусия кандай өлкөлөр кара тизмеге кирбей турганын айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июн 2021 | 1351 | 0

Тең укуктуулук, сый жана мыйзам талаасында гана кызматташкан өлкө Орусиянын «дос эмес» деп аталган кара тизмесине кирбейт. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.

«Талапты ар бир мамлекет өзүнө жараша чечмелеп алса болот. Кызматташууда, өнөктөштүктө ар кандай кырдаал болот. Тараптар ортосунда мамиле сууп кетиши ыктымал, маселе жаралышы мүмкүн, бирок ошого карабастан мен айткан шарттар аткарылышы керек», — деди дипломат.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын май айында Орусиянын өкмөтү «дос эмес» өлкөлөрдүн тизмесин түзгөн. Ага АКШ менен Чехия кирген. Америка менен Орусия көп жылдардан бери тирешип келет. Ал эми Чехия жазында Москва менен Праганын ортосунда болгон дипломатиялык чырдан улам кара тизмеге киргизилген.

Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров аталган тизмеге эч бир өлкө себепсиз киргизилбей турганын, терең талдоо жүргүзүлгөндөн кийин гана чечим кабыл алынарын белгилеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM