Биз менен байланышыңыз

«Смарт Бажы» санарип платформасы иштелип чыкты

Коом | 3 Июн 2021 | 1283 | 0

Бүгүн, 3-июнда Мамлекеттик бажы кызматы иштеп чыккан «Смарт Бажы» санарип платформасынын ачылышы болду. Платформаны түзүүнүн башкы максаты өлкөгө тыштан келип жаткан инвестицияны, соода агымын бажылык жактан жөнгө салуунун сапатын жогорулатуу болуп саналат.

Долбоорду ишке киргизүү 2021-2023-жылдарга карата атайын баскычтарга бөлүнгөн. «Смарт Бажы» платформасын түзүүдө жергиликтүү IT-компаниялар иш алып барат. Анда ата мекендик экспертиза өнүгүп, ар кандай бажы жол-жоболорун өткөрүүгө убакыт негиздүү кыскартылат. Бул Кыргызстандын транспорттук жана транзиттик дараметин жогорулатат.

Мамлекеттик бажы кызматынын директорунун орун басары Кубаныч Шатемиров санарип платформасы экспорт, импорт жана экономика тармагында эмгектенген ишкерлерге ыңгайлуу шарт түзүп берүү максатында иштелип чыкканын билдирди.

«Кыргызстан ЕАЭБ мамлекеттерине мүчө катары кирген 2015-жылдын 12-августунан баштап казак-кыргыз чек арасында бажы көзөмөлү алынган. Бүгүнкү күндө ЕАЭБ өлкөлөрүнө кирбеген үчүнчү өлкөлөр менен чектешип турабыз. Тышкы чек арада жалпы 14 өткөрмө пункту, 4 темир жолу жана 2 аба каттамы боюнча өткөрмө пункттары бар. Бүгүнкү күнгө чейин бирдиктүү автоматташтырылган маалымат тутуму иштеп келет. Ал 2010-жылы киргизилген. ЕАЭБге мүчө болууда жана жаңы технологияларды киргизген сайын аны модернизациялап, оңдоп, шартка ылайыктап иштетип жатабыз».

Ал эми Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз катчысы Жаманак Мүсүрканов санариптештирүүнүн алкагында ишкерлердин убактысын үнөмдөө максатында бир топ техникалык каражаттар орнотулганын маалымдады.

«Келген жүк ташуучу автоунааларды ошол жерден ачып карабастан, ИТК аркылуу текшерүү менен алардын убактысы үнөмдөлөт. Мындан сырткары бир топ видеокамера орнотулду. Ал эми санарип платформанын ичиндеги негизги тапшырмалар:

  • электрондук декларациялоого толук өтүү (товарларды декларациялоодо бүт электрондук форматка өткөрүү);
  • товарлардын авто чыгаруусун киргизүү (ишкер өзүнүн кеңсесинде отуруп, кызматкерлердин катышуусу жок эле бажы кызматына электрондук документтерди тапшыруунун негизинде бажы тариздөөсүнөн товарларын чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк берет);
  • товарларды жана транспорт каражаттарын ташып өтүүдө «жашыл коридорлорду» колдонуу (анын ичинде ТЭИ катышуучуларын категориялоонун эсебинен өзүн жакшы жагынан көрсөткөн ишкерлер документтерин электрондук түрдө тапшырып, тоскоолдуксуз тез арада өтүү мүмкүнчүлүгү бар);
  • электрондук декларациялоо борборлорун ишке киргизүү;
  • бизнес платформалар менен терең интеграция;
  • өткөрүү пункттарында көзөмөл функцияларды жүзөгө ашырууда «Бир аялдама» принцибин толук кандуу киргизүү». 

Бажы кызматынын бажы көзөмөл бөлүмүнүн башкы инспектору Руслан Кожомкулов аталган санарип платформанын негизинде кандай көзөмөлдөө иштери жүргүзүлөрү жөнүндө жана Мамлекеттик бажы кызматы мындан сырткары «Санарип тамга» пилоттук жаңы долбоорунун үстүндө иштеп жаткандыгы тууралуу кошумчалады.

«Санарип Бажы» платформасынын негизинде автоунаа чек арадан киргенден баштап, кайра чыкканга чейинки убакыт хронометраж менен саналат. Көзөмөлдөөчү орган ар бир кирген унаанын канчалык убакыт кетиргенин текшере алат. Бул нерсе ишке киргенден баштап, канча убакыт жумшаларын ошондо так айта алабыз. Ишкер 30 күндүн ичинде электрондук порталга маалымат берет. Кайсы түрдөгү унаа жана жүк келери тууралуу алдын ала маалымат жөнөтөт. Дагы бир «Санарип Тамга» пилоттук долбоорунун үстүнөн иштеп жатабыз. Анын негизинде Достук өткөрмө пунктундагы көзөмөлдөөчү орган менен маалыматты бөлүшүп, жүк келген убакта фитосанитария же башка көзөмөлдөөчү кызматтар өзүнүн чечимдерин даярдап, убакытты үнөмдөө максатында бир жерден иштерин бүтүрүп кетүүгө шарттар түзүлөт».

Мындан тышкары кыска мөөнөттүн ичинде, тагыраак айтканда, ушул жылдын аягына чейин бажы кызматы электрондук декларациялоону «Бирдиктүү терезе» маалымат системасы менен интеграциялоо, электрондук бажы төлөмдөрүн толук кабыл алуу жана «Кырдаалдык борбордогу» толук кандуу ишке киргизүү жаатында иш-чараларды пландаган. Бул иштер ведомство тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарды жакшыртууну камсыздоого жана жарандардын бажы кызматынын ишмердигине карата ишениминин деңгээлин жогорулатууга багытталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM