Биз менен байланышыңыз

Иран БУУнун Башкы ассамблеясында добуш берүү укугунан ажырады

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июн 2021 | 468 | 0

Иран менен Борбордук Африка карыздарына байланыштуу Башкы ассамблеяда добуш берүү укугунан ажырады. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриштин Башкы ассамблеянын төрагасы Волкан Бозкырга жазган катында айтылат.

Карызы бар өлкөлөрдүн катарында Сан-Томе жана Принсипи, Комор Аралдары жана Сомали мамлекеттери бар. Бирок алардын добуш берүү укугу сакталып калган.

Эми Иран добуш берүү укугуна кайра ээ болуу үчүн БУУнун бюджетине 16 млн 251,2миң доллар төгүшү керек. Ал эми Борбордук Африка 29,3 миң доллар төлөп берүүгө милдеттүү. Болбосо эки өлкө тең БУУнун уставынын 19-беренесине ылайык добуш берүү укугунан ажырайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM