Биз менен байланышыңыз

Шри-Ланканын жээктеринде дээрлик эки жума күйгөн кеме чөгүп кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июн 2021 | 532 | 0

Шри-Ланканын жээктеринде тонналаган химиялык заттар бар жүк кемеси чөгүп кетти. Бул тууралуу «БелТА» агенттиги жазды.

Аталган кеме 15-майда Индиянын Хазира портунан чыгып, Сингапурга бет алган. 20-майда Шри-Ланканын батыш жээктеринде токтоп турган жеринде жарылуу болуп, кеме өрттөнө баштаган. Чөгүп кеткен кеме өчүрүлгөнгө чейин эки жумага жакын күйгөн.

Өрттү өчүрүү иштерин Шри-Ланка менен Индиянын аскер-деңиз күчтөрү биргеликте жүргүзгөн. Кеме 1 миң 486 контейнер, 25 тонна азот кычкылын жана башка химиялык заттарды, косметиканы жүктөп бара жаткан.

Кемеде ири көлөмдөгү химиялык заттар болгондуктан, бул жагдай ири экологиялык кырсыкка алып келиши мүмкүн экени айтылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM