Биз менен байланышыңыз

1-июлдан тарта ККМ жаңы стандарттар боюнча колдонулат

Кыска кабар , Экономика | 3 Июн 2021 | 5861 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын 1-июлунан тартып Кыргызстанда ККМди колдонуу жаңы стандарт боюнча ишке ашырыларын эскертет.

1-июлдан тартып салык органдарында катталган ККМдин фискалдык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы жок эски үлгүлөрүн колдонууга болбойт.

Ошондой эле ККМди колдонуудан буга чейин бошотулган субъекттер үчүн 1-июлдан тартып аны колдонуу милдеттүү болуп калат. Тактап айтканда, аларга Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында ыктыярдуу патенттин негизинде ишкердик жүргүзүүчү төмөнкү субъекттер кирет:

— соода борборлорунда жана үйлөрдө жайгашкан, аянты 10 (он) чарчы метрге чейинки соода түйүндөрүндө товарларды сатуу, кызмат көрсөтүү же жумуштарды аткаруу боюнча;

— коомдук тамактануу жайларында убактылуу жерлерди (күркө, боз үйлөрдү, бастырмаларды, башка убактылуу курулуштарды) пайдалануу менен кызмат көрсөтүү боюнча;

— соода залынын аянты 20 (жыйырма) чарчы метрге чейинки күркө, контейнерлерде, башка убактылуу курулуштарда товарларды сатуу боюнча.

Андан тышкары, жаңы техникалык талаптарга ылайык ККМди колдонууга милдеттендирилгендердин катарында Бишкек жана Ош шаарларында ишмердик жүргүзүүчү төмөндөгү субъекттер бар:

— 200 чарчы метрден ашык соода аянты менен стационардык соода түйүндөрүндө товарларды сатуу;

— дарыканаларда дары-дармек каражаттарын сатуу;

— 200дөн ашуун оруну бар жана/же аянты 300 чарчы метрден ашкан коомдук тамактануу кызматын көрсөтүү;

— стационардык жайларда медициналык кызмат көрсөтүүлөр;

— медициналык лабораторияларда кызмат көрсөтүү менен алектенгендер.

Жаңы стандарттарга ылайык келбеген ККМ пайдаланылган учурда мындай аппараттар Салык кызматынын автоматташтырылган маалымат системасынан каттоодон чыгарылат, ал эми субъекттерге администрациялык айып салынат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM