Connect with us

«Ала-Тоо» университети эл аралык аккредитациядан өттү

Кыска кабар | 3 Июн 2021 | 881 | 0

«Ала-Тоо» эл аралык университети эл аралык аккредитациядан өтүп, беш жылдык лицензия алды.

Эл аралык аккредитация – билим берүү программаларынын эл аралык жана европалык сапат стандарттарына шайкештигин баалоо процедурасы. Ал ENQA жогорку билим берүүнүн сапатын кепилдөөчү Европа ассоциациясынын мүчөсү болуп саналган жана EQAR билим берүүнүн сапатын кепилдөөчү агенттиктердин Европалык реестринде катталган аккредитациялык агенттиктер тарабынан ишке ашырылат.

Институционалдык аккредитация университеттеги билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана андагы билим берүү жана квалификация тууралуу документтердин дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинде таанылуусуна көмөктөшөт, ошондой эле жогорку окуу жайдагы билим берүүнүн сапатына көз карандысыз баалоо жүргүзүү тууралуу коомчулукка маалымдайт.

Аккредитацияны Аккредитация жана рейтингдин көз карандысыз агенттиги (НААР) жүргүзгөн.

«Ала-Тоо» эл аралык университетинин администрациясы университеттин жана IT & Business колледжинин иши менен таанышып кетүү үчүн абитуриенттердин ата-энелерин 4-июнь саат 17:00гө «Ала-Тоо» кампусунда боло турган «Ачык эшик» кечесине чакырат.

Ата-энелер бул кечеге бул шилтеме боюнча катталса болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM