Биз менен байланышыңыз

Айдосов: Тышкы карызды саясий маселеге айлантып ийип жатабыз

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Июн 2021 | 508 | 0

Кытайга болгон тышкы карызыбызды саясий маселеге айлантып ийип жатабыз. Бул тууралуу саясат талдоочу Айболот Айдосов «Маралга” берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, биздин ички саясатта бул коркунучтарды өтө эле чоңойтуп коюшкан. Бирок ошол эле Американы алсак, же кошуна Казакстанды алсак, алардын тышкы карызы Кыргызстандыкынан көп.

«Маселенин чечилүүсү — бир гана экономикалык өнүгүүдө. Экономикалык жактан өнүгүп кетсек, эч кандай коркпостон, дагы насыя алганга мүмкүнчүлүк ачылат. Экономикабыз туура багытта өнүгүп баштаса, бул коркунучтар өзүнөн-өзү жоголот. Тескерисинче, чоң мамлекеттер келип, дагы грант берип, кредит сунушташы мүмкүн. Жөнөкөй эле мисал: ишкер жакшы иштесе, кредиттен коркпойт, иштей албаса, кичинекей кредит деле анын уйкусун качырат. Ошондуктан, Кытайга «насыяны кечип бер» деп, саясий маселеге айланта бербей, мамлекетти кантип өнүктүрөбүз деген маселени алдыга коюшубуз керек. Элди тышкы карыз менен коркута бербей, туризм, тоо-кен тармагын өнүктүрүүнү, чоң-кичине бизнеске жардам берүүнү жолго коюп, ошол багытта катуураак иштесек, башка өлкөлөрдөн деле насыя алып баштасак болот», — дейт саясат талдоочу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM