Биз менен байланышыңыз

NASA Венерага эки жаңы миссиясын жөнөтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июн 2021 | 479 | 0

Амеркиканын космосту изилдөө жана аэронавтика боюнча башкармалыгы (NASA) Венеранын атмосферасын жана геологиялык өзгөчөлүктөрүн изилдөө үчүн  эки жаңы миссиясын жөнөтөт. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттиги жазды.

Davinci+ жана Veritas деп аталган миссиялар 2028-2030-жылдары ишке киришет. Алардын ар бирине 500 млн доллардан бөлүнгөн.

Davinci+ миссиясынын жүрүшүндө Венеранын атмосферасы кантип калыптанганын, ал жакта кайсы бир мезгилде океан болуп, болбогонун аныктоо үчүн планетанын атмосферасы изилденет. Экинчи миссиянын алкагында плиталардын кыймылын жана жанар тоолордун жаралуусун аныктоо үчүн планетанын үстүнкү катмарынын 3D картасы иштелип чыгат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM