Биз менен байланышыңыз

Саясат талдоочу: Кытай биздин жаңы бийликти байкаштырып жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Июн 2021 | 534 | 0

Акыркы күндөрү Кытай Кыргызстанга карата жакшы ишараттарды жасап жатат. Буларды туура колдонуп кетсек, өлкөгө көп пайдасын алып келет. Мындай пикири менен саясат талдоочу Айболот Айдосов «Маралга» берген маегинде бөлүштү.

Анын айтымында, Кытайдын Борбор Азияга башынан эле саясаты башкача. Анткени бул жерде Улуу Жибек Жолу өтүп турган. Мындан улам аларга бул чөлкөмдөгү мамлекеттердин тынчтыгы керек болгон. Тополоң болсо, соода мамилеси токтоп калчу.

«Бүгүнкү күндө да Кытай биздин аймакка ушундай көз караш менен карап жатат: «ушулар тынч эле болсо экен, экономикасы өссө экен, ошондо биздин да иштерибиз алдыга жылат эле» дегендей мамиле кылышат. Бирок Борбор Азияда Кытайдын таасиринин күчөп жатканы АКШ менен Орусияга жакпайт. Бул — саясий эрежелер. Алар Кытайдын бул демилгелерин токтотконго аракет кылышат.

Биз Кытай менен эбактан бери эле мамилебиз бар. Акаевдин, Бакиевдин убагында иштештик, Атамбаевдин убагында тыгыз иштешип, бир топ чоң долбоорлор башталган. Жээнбековдун тушунда мамиле кескин солгундап кетти. Бийлик алмашкандан кийин, Кытай бийликке ким келди, булар менен кантип иштешсе болот деп, бизди байкаштырып атат. Бизге карата жакшы «жесттерди» жасап атат. Ошону туура колдонуп кетсек, Кыргызстанга көп пайда алып келет», — дейт саясат талдоочу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM