Биз менен байланышыңыз

«Он метрлик базалык станция куруу үчүн 9 кабат үй кургандай документ топтоо керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Июн 2021 | 439 | 0

Мамлекет аймактарды өнүктүрүүгө кызыкдар болсо, маалыматтык-коммуникативдик технологияларды курууга жеңилдиктерди бериши керек. Бул тууралуу инвестиция тартуу жана курулуш тармагындагы талдоочу Улукбек Турдубеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, пандемиядан улам аралыктан окутууга өткөрүү өлкөдөгү санариптештирүү жаатындагы чыныгы абалды көрсөттү. Айрым алыскы аймактарда окуучулар менен мугалимдер телефондон интернетке кире албай, окуудан өксүштү. Мунун себеби: ал жакта  базалык станциялардын, маалыматтык коммуникативдик технологиялар инфраструктурасынын жоктугу.

«Мисалы, Баткендеги бир жайлоого базалык станция курам десеңиз, мамлекеттик органдар 9 кабат үй кургандай эле документ сурайт. «Эмнеге мынча көп?» — десең, «Мыйзамда ошондой» — деп коет. Анда компания: «100 абонентти интернетке кошуу үчүн 100 миң абоненттик чыгым тартып калат экем», — деп, оюнан кайтат. Анан ал региондордо интернет кайдан пайда болмок эле?» — дейт ал.

Анын айтымында, мамлекет региондорду өнүктүрүүгө, санариптештирүүгө кызыкдар болсо, ар бир үйдө интернет болсун десе, маалыматтык-коммуникативдик технология инфраструктурасына жеңилдик бериши керек. Бул жааттагы курулуш мыйзамдарын жеңилдетип, чыгымдарын азайтышы керек.

«Өлкөнүн бүт аймагында «Кыргызтелекомдун» Союз учурунан калган инфраструктуралары бар. Ал — монополист, көп учурда бөлүшкүсү келбейт, аны арзаныраак баа менен ижарага берип койсо деле, жаңы база куруп отурбай, бизге жеңил болмок. Же жаңы объект куруп аткандарга мамлекет жардам бериши керек», — дейт Улукбек Турдубеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM