Биз менен байланышыңыз

Nissan электромобилдин аккумуляторун чыгарган эки завод курат

Без рубрики | 2 Июн 2021 | 220 | 0

Япониянын Nissan Motor Co. автоунаа өндүрүүчү компаниясы электромобилдер үчүн аккумулятор чыгарган эки заводдун курулушуна 1,8 млрд доллар сарптайт.

Заводдор Улуу Британия менен Японияда жайгашат. Алар дүйнөдө электромобилдер үчүн аккумулятор чыгарган алдыңкы 10 компаниянын катарында турган кытайлык Envision AESC компаниясынын башкаруусунда болот. Nissan аталган компаниянын 20% үлүшүнө ээлик кылат.

Алар 2024-жылы иштей баштап, жылына 700 миңге чейин аккумулятор өндүрүлүп турат. Аккумуляторлордун баары Renault-Nissan-Mitsubishi альянсы үчүн чыгарылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM