Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан Ооганстан менен чектеш аймакка эл аралык соода борбор курат

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Июн 2021 | 602 | 0

Өзбекстан Ооганстан менен чектеш аймакка «Термез» эл аралык соода борборун курат. Бул тууралуу podrobno.uz сайты жазды.

Аталган борборду курууга 75  млн доллар сарпталып, анда товарларды сактоо, кайра иштетүү, иргөө, таңгактоо жана сатуу боюнча терминалдар жайгашат. Анын жылдык соода жүгүртүүсү 500 млн долларды түзөт деп эсептелген.

Борбордун долбооруна ылайык, комплекстин аймагында 1 миң 800 соода түйүнү, 50 миң тонна жүк бата турган логистикалык борбор, 400 орунга эсептелген эки мейманкана, оорукана жана автоунааларды тейлөөчү жайлар болот. Соода борборунун биринчи кабатында дүкөндөр, экинчи кабатында жеңил өнөр жай ишканалары жайгашат.

Учурда аталган соода борбордун курулушун баштоого 10 млн доллар бөлүнгөн. Ал быйыл пайдаланууга берилмекчи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM