Биз менен байланышыңыз

Мамытов: Көп мамлекеттер адам уурдоого барган

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Июн 2021 | 636 | 0

Айрым жарандарды башка мамлекеттин территориясынан уурдап алып кеткен көрүнүштөр буга чейин деле болуп келген. Бул тууралуу Акыйкатчы Токон Мамытов «Маралга» ишкер Орхан Инандынын уурдалышынын тегерегинде берген маегинде билдирди.

Мисал катары Акыйкатчы АКШнын Пакистандын территориясына келип, Бен Ладенди  атып, сөөгүн алып кеткенин келтирди. Ошондой эле мындай ишти Израиль да кылган. Бул ишке барууга кылмышкер жашырынып жаткан өлкө аны кайтарып берүүдөн баш тартканы себеп болот.

«Бирок мындай жолго барган мамлекеттер БУУ же Адам укугун коргогон эл аралык уюмдар кайрылганда жооп беришет, далилдерин көрсөтүшөт. «Бизде мындай фактылар бар, бул иш боюнча соттун өкүмү бар, ошону аткарышыбыз керек, биз сурандык, жооп беришкен жок. Анан айла жок, ушул жолго бардык» дешет. Көп мамлекеттер ушуга барган», — дейт ал.

Анын айтымында, бул — юридикалык жактан алганда, мыйзамсыз көрүнүш. Анткени ошол мамлекет менен, өкмөтү, укук коргоо, сот органдары менен макулдашылбай жасалып жатат. Бирок көп мамлекеттер өзүнөн саясий башпаанек сурап келген башка өлкө жарандарын көп учурда бербей коюшат. Эгер анын өмүрүнө коркунуч жаралса, аны издеп келишсе, бербей койгонго Кыргызстандын да укугу бар. Мындай учурда алар далилдерин берип, аны Кыргызстандын соту карап чыгышы зарыл.

«Ал эми кабар бербей туруп, башка мамлекеттин территориясынан жаранды уурдап кетүү — өнүккөн өлкөлөрдүн Кыргызстан сыяктуу жаңы бутунан туруп келаткан мамлекеттерди тоготпостугу», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM