Биз менен байланышыңыз

Түштүк Корея: Кинотеатрлар билеттерин эмдөөдөн өткөндөргө эки эсе арзан сатат

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Июн 2021 | 528 | 0

Түштүк Кореяда кинотеатрлар COVID-19дан эмделген жарандарга  50%дык жеңилдик берет.

Маалым болгондой, коронавируска каршы вакцинанын кеминде бир дозасын алган жарандар эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификатын көрсөтүп, билетти 50-60%га арзан ала алышат.

Бул акция өлкө өкмөтүнүн калкты эмдөөдөн өткөрүү иштерине колдоо жана пандемиядан бери бош калган кинотеатрларга көрүүчүлөрдү тартуу үчүн өткөрүлүүдө. Акция июнь айынын аягына чейин уланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM