Биз менен байланышыңыз

«Акыркы жылдары Кыргызстанда мөңгүлөрдүн эриши 73%га көбөйдү»

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Июн 2021 | 593 | 0

Акыркы жылдары мөңгүлөрдүн катуу эришинен улам Кыргызстанда суунун агымы көбөйүп жатат. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын бийик тоолуу Тянь-Шань илимий борборунун жетекчиси Рысбек Сатылканов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 1970-жылдары өлкөдө жер үстүндө агып жаткан суулардын көлөмү 47-48 млрд куб метр болчу. 1970-жылдан бери суунун агымы көбөйүп, бүгүнкү күндө 51-52 млрд кубга жетти.

«Метео байкоолорго ылайык, Кыргызстанда 1930-жылдан 2020-жылга чейин температура 1,6 градуска көтөрүлгөн. 90 жылдын ичинде жаан-чачындын жаашы көбөйгөн эмес. Суу жаан-чачындын эсебинен же кышкы кардын эсебинен гана пайда болот. Эгерде ички Тянь-Шанда акыркы 90 жылда жаан-чачындын жаашы өзгөрүүсүз болуп жатса, ал эми температура көтөрүлүп атса, Нарын дарыясы менен Сыр-Дарыя суусунун 20% дан ашык көбөйүшүнүн бир эле себеби бар. Демек, суу акыркы жылдардагы глобалдык жылуулуктун кесепетинен биздин Тянь-Шань тоолорундагы жана Памир, Алайдагы мөңгүлөрдүн катуу эришинин эсебинен көбөйүп жатат», — дейт ал.

Тянь-Шань илимий борборунун мөңгүлөргө жүргүзгөн мониторинги 1948-жылдан 1972-жылга чейин Кара-Баткак мөңгүсү жылына 177 см гана эрип турганын көрсөткөн. Ал эми 1973-1991-жылдар аралыгында мөңгү жылына орточо 210 см эриген.  2013-2020-жылдары 300 см жеткен. Башкача айтканда, мөңгүнүн эриши 1948-жылкы көрсөткүчтөн 73%га көбөйгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM