Биз менен байланышыңыз

Украина Дүйнөлүк банктан 100 млн доллар алат

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Июн 2021 | 494 | 0

Дүйнөлүк банк Украинага «Узак мөөнөттүү каржылоого жол ачуу» долбоорунун алкагында 100 млн доллар берет. Бул тууралуу Кытайдын «Синьхуа» маалымат агенттиги жазды.

Ал каражат Украинага коронавирус алып келген экономикалык кесепеттер менен күрөшүү үчүн бөлүнөт.

Украинанын «Укрэксим» мамлекеттик банкы келген акчаны экспортко багыт алган чакан жана орто ишканаларга узак мөөнөткө бермекчи.

Белгилей кетсек, «Узак мөөнөттүү каржылоого жол ачуу» долбоору 2018-жылы иштеп баштаган. Бул долбоордун алкагында 50дөн ашык чакан жана орто ишканаларга насыялар берилген.

Украина Дүйнөлүк банкка 1992-жылы мүчө болгон. Азыркы күнгө чейин аталган каржы уюм Украинада 70тен ашык долбоор жана программаларды ишке ашырып, анын суммасы 13 млрд доллардан ашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM