Биз менен байланышыңыз

Кытай Казакстанга «CoronaVac» вакцинасынын биринчи партиясын жөнөттү

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Июн 2021 | 426 | 0

Казакстанга Кытайдан коронавируска каршы «CoronaVac» вакцинасынын биринчи партиясы келди.

«Казинформ» маалымат агенттиги жазгандай, бүгүн, 1-июнда Пекинден Алматы шаарына «Sinovac Biotech Ltd» компаниясы чыгарган вакцинанын 500 миң дозасы алынып келинген. «CoronaVac» Казакстанда эмдөөдө колдонула турган төртүнчү вакцина болуп калат.

Азыркы тапта коңшу мамлекетте жарандарды эмдөө үчүн өздөрүндө өндүрүлгөн «QazVac», Орусияда чыгарылган «Спутник V» жана Бириккен Араб Эмираттарында өндүрүлгөн «Hayat-Vax» вакциналары колдонулууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM