Биз менен байланышыңыз

Вьетнамда коронавирустун жаңы штаммы табылды

Дүйнө , Кыска кабар | 31 мая 2021 | 449 | 0

Вьетнамда коронавирустун жаңы штаммы табылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри Нгуен Тхань Лонг билдиргенин БелТА агенттиги жазды.

Министрдин айтымында, азырынча коронавирустун жаңы штаммына ат бериле элек. Бирок ал аба аркылуу тез тарай турганы жана жугуштуураак экенин аныкталган.

«Вьетнамдын Саламаттыкты сактоо министрлиги жаңы штаммды коронавирус геномунун дүйнөлүк картасына киргизет», — деген  министр.

Вьетнамдык окумуштуулар аныктагандай, коронавирустун жаңы түрү британиялык жана индиялык штаммдардын гибриди болуп саналат.

Азыркыга чейин Вьетнамда коронавирустун 7 штаммы, анын ичинде британиялык, индиялык жана түштүк африкалык түрлөрү катталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM