Биз менен байланышыңыз

Беларусь июндун аягына чейин Орусиядан 500 млн доллар алат

Дүйнө , Кыска кабар | 31 мая 2021 | 347 | 0

Беларусь июндун аягына чейин Орусиядан 500 млн доллар насыя алат. Бул тууралуу Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин currenttime.tv жазды.

Насыя тууралуу маселе өткөн аптанын аягында – 28-29-майда – Путин менен Беларустун президенти Александр Лукашенконун жолугушуусу учурунда талкууланып, эки тарап бир пикирге келген.

Белгилей кетсек, былтыр сентябрь айында Орусия Беларуска 1,5 млрд доллар насыя бөлүп берүүнү убада кылган. Ал акчанын биринчи бөлүгүн – 500 млн долларды Беларусь былтыр декабрь айынын этегинде алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM