Биз менен байланышыңыз

Google геолокация өчүрүлгөн учурда да колдонуучуларын аңдыйт

Дүйнө , Кыска кабар | 31 мая 2021 | 563 | 0

Google компаниясы геолокация өчүрүлгөн учурда да өздөрүнүн колдонуучуларынын жүргөн жери жөнүндөгү маалыматты чогултуп турган. Бул тууралуу Business Insider порталына таянып, liter.kz басылмасы жазды.

Компаниянын кызматкерлери колдонуучулар аңдууга алынганын билишкен. Бул тууралуу Google компаниясына каршы жүргөн соттук процесстин документтеринде жазылганын айтат Business Insider порталы.

«Белгилүү болгондой, Google колдонуучулардын жүргөн жери тууралуу маалыматты чогултуу үчүн ар кандай ыкманы, анын ичинде Wi-Fi жана Googleˈга тиешеси жок башка тиркемелерди пайдаланат», — деп айтылат маалыматта.

Googleˈдын мурдагы вице-президенти Жек Мензел көрсөтмө берип жатып, компания колдонуучунун жашаган же иштеген жерин таба албашы үчүн геолокацияда башка бир дарек көрсөтүлүшү керектигин билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM