Биз менен байланышыңыз

Олимпиада оюндарына күйөрмандар киргизилет

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 31 мая 2021 | 1004 | 0

Япония бийлиги коронавирус менен оорубаганын тастыктаган маалымкаты бар күйөрмандарды Токиодогу Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына киргизүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу Япониянын Yomiuri Shimbun гезитине таянып, telegraf.by сайты жазды.

Басылма жазгандай, күйөрмандар стадионго кирердин алдында коронавирус жоктугу тууралуу маалымкатты, ал эми эмдөөдөн өткөндөр тиешелүү документин көрсөтүшү керек болот. Ошондой эле күйөрмандар дене табы текшерилип киргизилет жана беткап тагынып жүрүүгө милдеттендирилет.

«Оорунун жайылышынын алдын алуу үчүн мелдеш учурунда күйөрмандардын спортчуларды кыйкырып сүрөөнгө алуусуна, бир нерсе жеп-ичүүсүнө тыюу салынат», — деп жазат басылма.

Олимпиадага келген күйөрмандар ПЧР-тесттен акысыз өтө алышат.

Азырынча стадионго канча адамды киргизүүгө уруксат берилери тууралуу чечим кабыл алына элек. Ал боюнча чечим июнь айында чыгарылат.

Эскерте кетсек, Токиодогу Олимпиада (ошондой эле Паралимпиада) оюндары былтыр өткөрүлүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу 2021-жылга жылдырылган. Быйыл Олимпиада мелдештери 23-июлдан 8-августка чейин, ал эми Паралимпиада 24-августтан 5-сентябрга чейин өтөт.

Азыркы тапта, Японияда коронавируска байланыштуу Олимпиада оюндарын өткөрүүгө каршы болгондордун саны өсүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM