Биз менен байланышыңыз

Аскарбек Молдобаев: Бизде 4-5 кабат үйлөрдү жаңыртуу идеясы бар

Кыска кабар , Пикирлер | 31 мая 2021 | 512 | 0

Курулушчулар cоюзунун төрагасы Аскарбек Молдобаев «Маралга» берген маегинде Бишкекте эски көп кабаттуу үйлөрдү жаңылоо демилгесин көтөрүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, 1970-жылга чейин Кыргызстанда 4-5 кабаттан бийик үй курууга уруксат жок болчу. Эми курулушчуларда шаарды жаңылоо мыйзам долбоорун киргизүү идеясы жаралууда.

«Биз 4-5 кабат үйлөр салынган зоналарды, 3-4-микрорайондорду реконструкция кылып, жаңырталы деген мыйзам чыгарсакпы деп атабыз. Бул албетте, менчик ээсинин укугун бузбай, алар менен макулдашылып жүргүзүлөт. Мурун ашканасы 4 чарчы метр болсо, биз кененирээк салып беребиз. Оозгу бөлмөсү кенен болот. Эмнеге жаңыртканга болбосун? Билимибиз, тажрыйбабыз жетет. Европадан кембизби? Качанкыга чейин ушундай үйлөрдө жашайбыз? Биз дагы заманбап үйлөрдү куралы, борбордун көркүн оңдойлу», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM