Биз менен байланышыңыз

Молдобаев: Мамлекет мыйзамсыз салынган үйлөрдүн тагдырына көңүлкош карабашы керек

Кыска кабар , Пикирлер | 31 мая 2021 | 616 | 0

Мыйзамсыз салынып калган көп кабаттуу турак жайлардын тагдырына мамлекет көңүлкош карабашы керек. Мындай пикирин Курулушчулар cоюзунун төрагасы Аскарбек Молдобаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, курулуп калган үй болсо, бирок мыйзамсыз салынганы аныкталса, анын тагдырын мэрия чечиши керек. Эгер үй Башкы планда турак жай салуу каралган жерге курулган болсо, өрт коопсуздугу, сейсмикалык шарттары сакталган болсо, анда башка чечилбей жаткан маселелерин бүтүрүшүүгө мэрия кол кабыш кылышы керек. Чыгымдын баарын курулуш ээси өзүнө алат. Ал жергиликтүү бийликтин көмөгү менен бардык этаптардан өтүп, курулушун мыйзамдаштырып, тапшырып бериши керек.

А эгерде Башкы планда социалдык объекти каралган жерге турак үй салынып калган болсо, анда аны түрттүрүп салууну же мыйзамдаштырып берүүнү шаардык кеңеш чечет. Эгер үйдү түрттүрө турган болсо, курулуш ээсинен үлүшчүлөргө кенемте төлөтүп берүүлөрү зарыл.

«Бизде прокуратура курулушту токтотуп туруп, курулушту баштаган кишини камап коюп атат. Жөн эле алып барып камап койгондон мамлекет эч пайда таппайт. Анда жашап жаткандар кайда барат? Ортодо элди кыйнабаш керек. Маселени чечүү жагын ойлонбой эле иш ачып, артынан кубалап алышат», — дейт Молдобаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM