Биз менен байланышыңыз

«COVID-19 изилденбесе, астыда COVID-26 жана COVID-32 күтүп алышы мүмкүн»

Дүйнө , Кыска кабар | 31 мая 2021 | 471 | 0

COVID-19дун пайда болуу, келип чыгуу себептерин изилдөө керек, болбосо адамзат COVID-26 жана COVID-32 вирустарына туш болушу ыктымал. Бул тууралуу америкалык окумуштуу, инфекционист Питер Хотез билдиргенин «РИА Новости» агенттиги жазды.

Окумуштуунун айтымында, вирус чыккан Ухань шаарына вирусолог, эпидемиолог жана башка адистерди жөнөтүп, алар керектүү маалымат жана үлгүлөрдү чогултушу зарыл.

«Бул XXI кылымдагы эң ири үчүнчү эпидемия (SARS жана MERS вирустарынан кийин)…  Табият COVID-19дун келишин толук изилдеп чыкпасак, COVID-26 жана COVID-32 болорун айтып жатат», — деген окумуштуу.

Эскерте кетсек, буга чейин Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму COVID-19ду изилдеп, «коронавирус жаныбардан адамга жуккан, лабораториядан жасалуу ыктымалы аз» деген болжолдуу тыянакка келишкен.

Учурда АКШ коронавирус лабораторияда пайда болушу мүмкүн деген версиясын айтып, аны тактоо үчүн дагы бир иликтөө жүргүзүү керектигин билдирүүдө. Ал эми Кытай АКШнын айткандарын төгүнгө чыгарган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM