Биз менен байланышыңыз

Аскарбек Молдобаев: Бизде чала бүткөн объектилерди кабыл ала беришет

Кыска кабар , Пикирлер | 31 мая 2021 | 496 | 0

Бишкекте чала бүтүрүлүп, колдонууга берилип кеткен объектилер көп. Бул тууралуу Курулушчулар cоюзунун төрагасы Аскарбек Молдобаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, суу, электр энергиясынан баштап, лифтине чейин даяр болмоюнча курулушту кабыл алууга болбойт деген мыйзам бар. Ал жерде жашаганга да уруксат бербөө керек. Бирок Мамлекеттик экотехинспекциянын шалаакылыгынан, жергиликтүү бийликтин шалаакылыгынан чала бүтүрүп, жашап аткандар бар.

«Шаарда чала бүткөн бир топ объект турат. Шаардын ээси — мэр, көркүнө чыгарган — мэр. Ал мыйзамдын негизинде курулушчуну токтотуп, таасир бере алат болчу. «Бүтүрмөйүнчө жашоочуларды киргизбе» дей алат болчу. Мунун ага укугу бар. Билсеңер керек, 2 шаар боюнча өзүнчө мыйзам бар. Анда: «Бишкек менен Ошто мэр курулушка уруксат берет жана көзөмөл кылат», — деп жазылган. Мэр жөндөн-жөн курулушка кийлигишүүгө акысы жок, бирок ушундай учурда мыйзам уруксат берет. «Эмнеге курулуш токтоп калды? Эмнеге эл жашап жатат, а суусу жок?» — деп текшерип коюшу керек эле. Бул да — аткаруу бийлигинин, жергиликтүү бийликтин начарлыгы, көңүл коштугу. Же балким, жогору жакта «тийбегин» деген бирөө бардыр…» — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM