Биз менен байланышыңыз

«Курулушчулар коррупцияга аргасыздан аралашат»

Кыска кабар , Пикирлер | 31 мая 2021 | 477 | 0

Документтердин өз убагында бүтпөй жатканы курулушчуларды коррупция иштерине барууга аргасыз кылат. Мындай пикирин Курулушчулар cоюзунун төрагасы Аскарбек Молдобаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жери бар курулушчу ал жерге бирдеме салыш үчүн мамлекеттик тийиштүү органдардан бир катар документтерди топтошу керек. Анын баары 40 күндө бүтө турган жумуш. Бирок мамлекеттик органдардагы бюрократиядан улам уруксат алуу процедурасы бир жылга созулуп кетет.

«Мисалы, жериң болсо, ошол жерге бирдеме салам десең, ошону баштоо үчүн архитектурадан 2 документ алышың керек: АМШ (архитектуралык-мерчемдөө шарттары) жана ИТШ (инженердик-техникалык шарттар).  Булар — 20 күндө бүтө турган кагаздар. Аларды өз убагында ала албайсың. Мурун ушуларды берүү созулуп, кишини убара кылбасын деп, Бирдиктүү терезени киргизишкен. Бирок айткан менен аткарылышы кыйын экен. Баарын айнектин ары жагында отурган адам чечет экен. Ал кыйкым таап, «мунуң жетпейт», «тигиниң жетпейт» дей берет. Бул документтериң бүтсө, башка жактардан уруксат алышың керек. Алар да күттүрөт, ары-бери жумшап убара кылат. Ошентип атып, 40 күндө бүтө турган кагаздар 1 жылга созулат. Жери, долбоору, каражаты даяр турган курулушчу күткөндөн тажап, аргасыз коррупцияга аралашат», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM