Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаарынын тургундарынын орточо айлык акысы 24 миң сомду түзөт

Кыска кабар | 30 мая 2021 | 2644 | 2

Бир кызматкердин орточо эмгек акысы 2021-жылдын январь-март айларында (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 18 миң 875 сомду түздү. 2020-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 6,2% га жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий курстун негизинде 2021-жылдын январь-март айларында бир кызматкерге орточо айлык 223,4 долларды түзгөн.

Бишкекте бир кызматкердин орточо номиналдык эмгек акысы 2021-жылдын январь-март айларында (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 24 миң сомду түздү.

2 пикир

2 пикир

  1. Эркингул

    31.05.2021 06:53

    Жыйырма тортмин сом болсо кана менин айлыгым тортмин тогузжуз сексеналты сом

  2. бактыгул

    31.05.2021 10:08

    бизде иштеген жумушчулардын айылыгы 15 минге дагы жетпейт кайдагы болбогон нерсени айтып атышат

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM