Биз менен байланышыңыз

«Манас» аэропортунун аймагында жарыш уюштургандарга айып пул салынды

Кыска кабар | 30 мая 2021 | 430 | 0

«Манас» аэропортунун аймагында жарыш уюштурган 5 айдоочу кармалганын Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй ОИИБнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору «Манас» аэропорту — Бишкек жолуна рейд жүргүзүлгөн. Натыйжада жолду жаап, катуу ылдамдыкта жарыш уюштурган 5 айдоочу кармалган.

Айдоочуларга 124-берененин негизинде эреже бузуу боюнча протокол түзүлүп, ар бирине 7 миң 500 сомдон айып салынды. Ошондой эле ушул өңдүү унаа жарыштарды мындан ары болтурбоо максатында жаштар менен сүйлөшүүлөр болду.

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кайгуул кызматы бул рейддер мыйзамсыз автожарыштарды аныктоо үчүн тынымсыз жүргүзүлүп турарын эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM