Биз менен байланышыңыз

Нарында милиция кызматкерлеринин спартакиадасы өттү

Кыска кабар | 30 мая 2021 | 647 | 0

Кечээ, 29-майда Нарын шаарынын борбордук «Ала-Тоо» стадионунда Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына арналган Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) спартакиадасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин Нарын облусундагы өкүлү Сабыркул Ашимбаев, Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров, Нарын ОИИБнин начальниги Алмазбек Жумабеков, ардагерлер жана бир катар мекеме жетекчилери катышты.

Ал эми мелдеш башкармалыктын борбордук аппараты, милициянын кайгуул күзөт кызматы, жол коопсуздугун камсыз кылуу кызматы жана шаар, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринен турган командалардын катышуусунда болуп өттү.

Жыйынтыгында ар бир оюндун түрү боюнча жеңүүчү командалар аныкталып, мыкты оюн көрсөткөн кызматкерлерге номинациялар, баалуу белектер, акчалай сыйлыктар жана Нарын ОИИБнин кубогу тапшырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM