Биз менен байланышыңыз

Ош шаарынын медиктери Баткенге жардам жөнөттү

Кыска кабар | 30 мая 2021 | 506 | 0

Ош шаарындагы жеке медициналык мекемелердин жана клиникалардын ассоциациясынын атынан Баткен облусуна гуманитардык жүк жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Чек арадагы медициналык мекемелердин ишиндеги кыйынчылыктарды түшүнүп, биз Баткен облусундагы медициналык уюмдарга медициналык шаймандар жана медициналык буюмдар түрүндө гуманитардык жардам жеткирдик», — деди ассоциация башкармалыгынын төрагасынын орун басары Мухаметалим Турсунбаев.

Маалым болгондой, Баткен облусундагы медициналык мекемелер өтө зарыл, учурда таңкыстык жараткан медициналык шаймандардын тизмесин жөнөткөн. Буга байланыштуу атап өткөн ассоциация жалпысынан 270 миң сомдун тегерегиндеги акчага 18 буюм алып берген.

Мындан тышкары аймактык саламаттыкты сактоо координатору менен тыгыз байланышта болуп, жер-жерлерде акысыз жардам көрсөтүүнү улантуу макулдашылганын, анүчүн Ош шаарындагы жана Ош облусундагы жеке клиникалар өздөрүнүн мыкты адистеринен турган мобилдик топторду түзө турганын белгиледи Мухаметалим Турсунбаев.

Бул ишти июнь айынын ортосунда баштоо пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM