Биз менен байланышыңыз

Дагы 333 адамдан коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 30 мая 2021 | 720 | 0

Кыргызстанда 30-майга карата дагы 333 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Аймактар боюнча алганда, Бишкек шаарында – 148, Ош шаарында – 40, Чүй облусунда – 68, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 14, Ысык-Көл облусунда – 23, Жалал-Абад облусунда — 16, Баткен облусунда – 6 адамдан вирус табылган.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде Бишкек шаарынан – 167, Ош шаарынан – 10, Чүй облусунан – 71, Талас облусунан – 5, Нарын облусунан – 4, Ысык-Көл облусунан – 34, Баткен облусунан – 2 адам, жалпы 320 бейтап сакайып чыкты.

Ал эми акыркы суткада Бишкек шаарында – 3, Чүй облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда — 1, жалпы 4 адам коронавирустан көз жумду.

Учурда стационарларда 1685 бейтап, үй шартында 1743 бейтап COVID-19дан дарыланып жатат.

Пандемия башталгандан бери 104 миң 555 адамга коронавируска чалдыгып, анын ичинен 98 миң 300 бейтап айыгып, 1 миң 803 адам каза тапты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM