Биз менен байланышыңыз

Санкт-Петербургда Төлөмүш Океевдин бюсту орнотулду

Санкт-Петербург мамлекеттик кино жана телевидение институтуна залкар кинорежиссёр Төлөмүш Океевдин бюсту орнотулуп, ачылышы бүгүн болуп өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат, Жогорку Кеңештин депутаттары, Жогорку Кеңештин КМШ ПААдагы өкүлү Нурбек Сатвалдиев жана режиссёрдун туугандары, Орусияда эмгектенген кыргыздар, окуу жайдын жамааты катышты.

СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, кыргыз элинин даңазалуу уулу Төлөмүш Океев аталган окуу жайды (мурдагы Ленинград киноинженерлер институтун) 1958-жылы аяктаган. Кийинчерээк СССР Кинематография боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы Жогорку режиссердук курстан да окуган.

Белгилей кетсек, Төлөмүш Океев «Бакайдын жайыты», «Отко таазим», «Кызыл алма», «Ак илбирстин тукуму», «Сүйүү закымдары», «Улан» сыяктуу көптөгөн тасмаларды тарткан. Ал режиссёрлук кылган кинолор СССР аймагынан тышкары да бир нече чет өлкөдөгү фестивалдарда байгелүү орундарга ээ болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM