Биз менен байланышыңыз

Жакында «Айдаровдор» аттуу үй-бүлөлүк сериал экранга чыгат

Үй-бүлөдө болгон турмуштук көрүнүштү чагылдырган «Айдаровдор» сериалы жакында экранга чыгат. Бул туурасында сериалдын сценаристи Өмүрбек Нурдинов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

— «Буга чейин сериалга сценарий жазуу планымда бар болчу. Анан бир чечимге келип, үй-бүлөнүн ынтымагы, биримдиги жөнүндө жазып көрдүм. Башында аталышы «Нурдиновдор» болчу. Нурдинов — менин фамилиям, бирок анча кооз угулбай калат экен. Угумдуу болсун деп, «Айдоровдор» кылып өзгөрттүк. Аталыштын жашообуздагы кимдир бирөөнө деле тиешеси жок. Биз сериалга үй-бүлөдөгү баалуулуктарды камтыдык. Замандын талабы менен ата-энелер балдарын кантип тарбиялап, бир күндө канча убактысын өзүнүн чакан мамлекетине жумшай тургандары да ачык берилген. Жалпысынан 26 сериалдан турат. Азыр 20 сериясы тартылып бүттү. 70ке жакын актер-актриса катышты. Негизи, дүйнө жүзүндө сериалга көбүрөөк басым жасала баштабадыбы. Анткени, көрүүчүлөр көп жана элге бат тарайт», — деди Нурдинов.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM