Биз менен байланышыңыз

Ирандын президенттигине 592 талапкер арыз берип, 585и четтетилди

Дүйнө , Кыска кабар | 28 мая 2021 | 846 | 0

Ирандын жогорку лидери, аятолла Али Хаменеи 585 талапкерди шайлоодон четтетүү чечимин колдоду. Бул тууралуу ал 27-майдагы парламент мүчөлөрү менен болгон жолугушууда билдиргенин «Озодлик» радиосу жазды.

Буга чейин Ирандын Конституцияны коргоо кеңеши президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз калтырган 592 кишинин ичинен 7 талапкерге гана уруксат берип, калганын жарышка өткөргөн эмес. Шайлоодон четтетилгендердин катарында 2005-2013-жылдары Ирандын президенти болгон Махмуд Ахмадинежад да бар.

Белгилейт кетсек, Иранда президенттик шайлоо 18-июнда өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM