Биз менен байланышыңыз

Өмүров: Баткендик абитуриенттерге жеңилдиктер берилет

Кыска кабар , Пикирлер | 28 мая 2021 | 1487 | 0

Чек ара чатагында жабыркаган айылдардын мектеп бүтүрүүчүлөрүнө окуу жайга тапшырууда бир катар жеңилдиктер берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бул чечим министрлик тарабынан каралып жатат. Анын негизинде Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарынын бүтүрүүчүлөрүнө колдоо көрсөтүлөт.

«Биринчи механизм — алар үчүн босого балл төмөндөтүлөт. Экинчи механизм — квота бөлүү. Чек арага чектеш айылдын бүтүрүүчүлөрү үчүн квота мурдатан эле бар. 5 795 бюджеттик орун бар болсо, анын кыркка жакыны ошол аймактардан келгендерге берилет. Үчүнчүсү — «целевая подготовка» деген механизм. Анда айыл өкмөттөн жолдомо алып келгендерге жеңилдик каралган», — дейт министрдин орун басары.

Баткендиктер үчүн босого баллды ылдыйлатуу ЖРТнын жыйынтыгы чыккандан кийин министрликтин буйругу менен бекитилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM