Бүгүн, 28-майда президент Садыр Жапаров Баткен районундагы Миң-Булак — Чорго — Ак-Сай автожолунун курулушу менен таанышты.
Бул жол Баткен облусунун Ак-Сай айылына чейин Тажикстандын аймагын айланып өтүүчү автожол каттамын камсыз кылат.
Миң-Булак — Чорго — Ак-Сай жолунун узундугу 48 чакырым. Азыркы учурда 7 км жолдун жумуштары башталып, ашуудагы тилкенин долбоордук-сметалык документациясы даярдалды.
Жапаров альтернативдик айланма жол катары стратегиялык мүнөзгө ээ болгон Ак-Сай айылына чейинки жолдун курулушу маанилүү экенин белгиледи.