Марал Радиосу

Баткен: Миң-Булак-Чорго-Ак-Сай унаа жолунун курулушу башталды

Бүгүн, 28-майда президент Садыр Жапаров Баткен районундагы Миң-Булак — Чорго — Ак-Сай автожолунун курулушу менен таанышты.

Бул жол Баткен облусунун Ак-Сай айылына чейин Тажикстандын аймагын айланып өтүүчү автожол каттамын камсыз кылат.

Миң-Булак — Чорго — Ак-Сай жолунун узундугу 48 чакырым. Азыркы учурда 7 км жолдун жумуштары башталып, ашуудагы тилкенин долбоордук-сметалык документациясы даярдалды.

Жапаров альтернативдик айланма жол катары стратегиялык мүнөзгө ээ болгон Ак-Сай айылына чейинки жолдун курулушу маанилүү экенин белгиледи.

Exit mobile version