Биз менен байланышыңыз

Нурлан Өмүров: Аралыктан окутуунун жакшы жактары да болду

Кыска кабар , Пикирлер | 28 мая 2021 | 673 | 0

Пандемия убагында аралыктан окутуу Кыргызстандын эле эмес, бардык өлкөлөрдүн билим сапатын кайсы бир баскычка төмөн түшүрдү. Мындай пикирин Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, окуу сапатынын төмөндөө деңгээли ар бир өлкөдөгү мугалимдердин санарип жөндөмүнө, инфраструктурасына жараша болду.

«Биздин учурду алсак, аралыктан окутууга кайсы бир деңгээлде даярдык бар болчу. Чукул арада атайын өнөктөштөрдүн жардамы менен «Санарип сабак» деген порталды ишке киргиздик. Инфраструктурабыз начар болгондуктан, телевидение колдондук. Бир катар иштер жасалды. Андыктан билим сапаты аябай төмөндөп кетти дегенден алысмын. 

Аралыктан окутуунун жакшы жактары да болду. Бизде 77 миңдей мугалим бар. Мурун семинарларды уюштурганда, белгилүү бир сандагы мугалимдерди чакырчубуз. Санарип жөндөмдөрү боюнча чукул вебинарларды өткөрүүдө санарип технологиянын жардамы менен, ZOOM аркылуу көп мугалимди камтый алдык», — дейт ал.

Министрдин орун басары учурда мамлекеттик деңгээлде «Электрондук мектеп» түзүү пландалып жатканын билдирди. Максат — бир аянтчада тажрыйбалуу адистер менен мыкты контент даярдап, физикалык жактан  мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим алууга шарт түзүү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM