Биз менен байланышыңыз

Быйыл да ЖОЖдорго кабыл алуу онлайн жүрөт

Кыска кабар , Пикирлер | 28 мая 2021 | 841 | 0

Быйылкы жылы дагы ЖОЖдорго кабыл алуу онлайн жүрөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, коронавирус күч алып тургандыктан, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө былтыркыдай эле үйүнөн чыкпастан, платформа аркылуу каалаган адистигине, каалаган университетине аралыктан тапшырууга мүмкүнчүлүк берилет.

Быйылкы жылдын артыкчылыгы платформа модификацияланды. Окуу жайга тапшыруучулардын арасында  спортсмендер, олимпиада жеңүүчүлөрү, же ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер болсо, «Түндүк» системасы аркылуу алардын документтери автоматтык түрдө верификация болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM